Бүгүн, 11-апрелде КР президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын астында Кыргызстандагы өзгөрүүлөр, мигранттар, келечектеги пландар жана саясий абал жөнүндө сүйлөдү.
Мамлекет башчынын айтымында, коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери – өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды.
“Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат. Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилет…
… Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдик Президент болом деп убада бергем. Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим, кылган эмгегим – таза. Мага жалган жалаа жукпайт”, – деди президент.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: