КР президенти Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба министри Нурбек Мурашовдун жана Экономика министри Олег Панкратовдун отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эскертсек, эки министр өткөн жумада отставка кетүү арызын премьер-министрге киргизген. Нурбек Мурашев 2018-жылы дайкандарга картөшкө айдоону сунуштаган. Бирок, айыл чарбачылардын продукциясы толук сатылбай калгандан кийин: “Буюрбай калды”, – деген жооп менен кутулуп кеткен.

Олег Панкратов Экономика министрлигин 2018-жылдан бери жетектеген. 2015-2017-жылдары вице-премьер-министрдин кызматында эмгектенген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.