28-майда Жогорку Кеңеш КР өкмөтүнүн бошогон министрлик кызмат орундарына сунушталган талапкерлерди колдоду.
Эскертсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аппарат жетекчисинин ордуна Самат Кылжыев, КР экономика министри кызмат ордуна Санжар Муканбетов, КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Эркинбек Чодуев, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Догоев сунуштаган.
Абылгазиевдин айтымында, өкмөттөн кеткен министрлер өз каалоолору менен кызматтарын тапшырышкан.
“Мындай жооптуу кызматтарга жүрөгү менен берилип иштебесе, коюлган милдетти алып кете албайт. Аталган министрликтердин алдында инвестиция тартуу, өндүрүлгөн товарларды экспорттоо, аймактар менен туризм тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү жолго коюу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу сыяктуу бир топ иштер турат”,- дейт премьер-министр.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: