Бүгүн, 19-декабрда КР президенти Сооронбай Жээнбеков пресс-конференция өткөрүп жатат. Негизги суроолордун бири инвестициялык климат тууралуу болду. Эскертсек, 2018-жылдын январь-октябрь айларында түз инвестициялар 43,9%га кыскарган.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, инвесторлорду тартып келүү оңой иш эмес. Аларды биз баалашыбыз керек.

“Инвесторлорго шарт түзүү жана алардын укугун коргоо оңой иш эмес. Алар келип акчаларын таштап кетпейт. Бул жердеги мамилени изилдешет. Чаткалдагы, Шамбесайдагы окуяларды көрүп жатышат. Бизде бизнести рейдерлик басып алуу фактылары бар. Түз инвестициялар болбосо экономикабых өнүкпөйт”, – деп мамлекет башчысы белгиледи.

Эскертсек, президент эл аралык кредиттер эмес, түз инвестицяларга көңүлүн бурду.

Суроолордун бири Кыргызстандын ири ишканасы “Кумтөр” боюнча болду. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бул суроону саясатсыз, сүйлөшүү түрдө чечүү зарылдыгын белгиледи.

«2009-жылы бийлик “Кумтөр” менен келишим түзгөн. Аны парламентте жана Конституциялык сотто бекиткен. Келишимди бийликтин бүт бутактары кабыл алган. Сотко барсак, биринчиден ратификацияны карап, силер кол койгон турбайсынарбы деп айтышат. Мени коркуп жатат деп ойлобогула. Национализация, денонсация деген оңой, бирок андан кийин эмне болот? Ошону ойлонушубуз керек. Бул суроодо экономикадан саясат көп болуп кетти», – деди президент.

Мамлекет башчысы 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу жана канадалык «Центерра» менен Стратегиялык келишимге кол койгонун эскертти. Азыркы тапта өкмөт бул келишимдин шарттарын жакшыртуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Премьер-министр сүйлөшүүлөрдү өзү алып бара жатат. Кандай болбосо да, бул суроодо саясат болбош керек. Кумтөр 9 миллиард сомго чейин салык төлөйт, 2600 адам иштейт. Экономика үчүн Кумтөр иштей берсин, биз болсо өзүбүздүн ишибизди уланта беребиз», – деп Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.