КР президенти Сооронбай Жээнбековдун  төрагалыгы алдында  бүгүн, 13-августта биринчи жолу Улуттук кеӊештин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн стратегиясы жана 2018-2020-жылдары КР шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланып, каралат.

Отурумда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер жана массалык маалымат каражаттары катышууда.

Күн тартибиндеги биринчи маселе — 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө айтып жатып, мамлекет башчысы Улуттук кеӊештин 2017-жылдын 15–ноябрындагы жыйынында бул маселе каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын эске салды.

«Азыр келечек жөнүндө, өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн бардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландарын аныктап, аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эӊ негизгиси — келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин  билдирди», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталганын белгиледи. Ошондуктан бул стратегия — Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш.

«Каралып жаткан стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары —  ушул Улуттук стратегия  кызмат кылат», — деп белгиледи президент.

Ал биринчи кезекте адамдардын потенциалын өстүрүү керектигин белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн адам ресурстарынын сапаты биринчи орунга чыкты.

Мамлекет башчысы эӊ жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдет — сот реформасын ишке ашыруу экенин белгиледи. Эл ишенген, калыстыктан тайбаган сот системасы орносо, өлкөнү өнүктүрүүнүн эӊ негизги фактору камсыз кылынат. Ошондой эле соттук иштердин ачык-айкындыгын, сот процесстеринин заманбап технологиялар менен жабдылышы камсыз кылынышы керек.

«Стратегиябыздын максаты — улуттук сот системасын куруу, адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо.  Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.