Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Эки президент басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун  үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.