Ош шаарынын кеңешинде шаар башчысынын шайлоосу өттү. 44 добуш менен Таалайбек Сарыбашов мэр болду. Каршы добушун бир гана депутат берди.
Эскерстек, 3-июнда Айтмамат Кадырбаев арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Оштун экс-мэри шаардын башчысы болуп 4 жыл иштеген.
Премьердин буйругу менен Кадырбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: