Президент Сооронбай Жээнбеков, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аймактар менен санарип диалогдун максаты — өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана ошондой эле аймактардагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чараларды талкуулоо.

Жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында алдыңкы санарип технологиялардын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү министри Каныбек Исаковдун аралыктан окутуу формасынын келечеги жана кемчиликтери жөнүндө презентациялары өттү.

Аймактардын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери өлкөнүн санариптик трансформациясы мамлекеттик саясатынын алкагындагы аймактарда иш-чаралардын жүзөгө ашырылышы жана коронавирус инфекциясынын жайылуусунун жер-жерлердеги кесепеттери менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.