Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР маданият, маалымат жана туризм министри кызматына, аталган министрликке караштуу туризм боюнча департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин министрдин кызматында 2018-жылдын 8-октябрында көз жумган Султан Жумагулов болгон.
Азамат Жаманкулов азыр 31 жашта. 2008-жылы “Манас” Кыргыз-Түрк университетин аяктаган. Беш тилде эркин сүйлөйт: кыргызча, орусча, англисче, түркчө жана казакча.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: