Бишкек шаарынын башчысы Албек Ибраимов “Дастан” ААКсында ири өлчөмдө каражат уурдалгандыгы тууралуу факты боюнча УКМКне суракка чакырылды. Маалыматты Мамкомитеттин кызматкерлери ырастады.

2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» ЖЧК башкы директору Асылкуль Сасыбаева жалпы суммасы $533 миң 760 суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы $6 миң 672 суммасында белгиленген. Өз кезегинде «ТНК Дастан» ААК мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧК Украинанын мамлекеттик хозрасчеттук компаниясы менен дагы келишим түзүп, аталган буюмдардын партиясын $14 миң 400 сатып алган (партияны алып келүүгө $49 миң сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма $470 миң 360 барабар болгон.

Муну менен «ТНК Дастан» ААК жана «Дастан Инжиниринг» ЖЧК ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Белгилей кетсек, «Дастан Инжиниринг» ЖЧК 30% үлүшү ошол учурда «ТНК Дастан» ААК тиешелүү болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.