УКМК вице-премьер-министр Ж.Разаковго карата массалык маалымат каражаттарында тараган чагымчыл маалыматтардын алкагында, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп, чет элдик атайын кызматтарына тиешеси жок деп аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эскертсек, Разаков тууралуу бул темадагы маалыматтарды 2016-жылдын 6-июлунда интернет-сайттардын биринде В.Откиндин “Чекист башка бир чекистке жалданганы жөнүндө чыныгы окуя” аттуу макалада жарык көргөн.

Материал жайгаштырылгна «e-tadjikistan.org» интернет-порталы иштебей калган. Ошондой эле, «e-tadjikistan.org» басылмасына ээлик кылган «Бирдиктүү Тажикстан» деп аталган оппозициялык кыймылы жана КР вице-премьери Ж. Разаков Тажикстандын атайын кызматына иштеп жаткандыгы тууралуу жазылган макаланын автору Шабнами Собири аттуу кабарчы да жок экендиги аныкталды.

Белгилей кетсек, чет өлкөлүк атайын кызматтар саясий ишмерлерди жана мамлекеттик кызматкерлерди каралоо максатында коомчулукту адаштыруу тажрыйбасын көп колдонушат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.