Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеевдин Түркиянын ооруканасында каза болду. Бул тууралуу ЖКтин администрциясы билдирди.
Депутаттын сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет, жерге 15-июнда берилет.
Нурланбек Кадыкеев Нарын облусунун Кочкор айылында 1970-жылдын 21-январында туулган. 2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Депутаттыка чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре “Манас” бажысынын жетекчиси болуп иштеген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: