ЖК төрагасы Дастан Жумабеков автоунааны милдеттүү камсыздандырууну 2021-жылга чейин жылдырууга сунуштады. Бул тууралу Жумабеков, бүгүн 17-январда, парламенттин отурумунда айтты.

Төраганын айтымында, мыйзам 2019-жылдын февралында күчүнө кирсе, айдоочулардын арасында нааразылык пайда болот. Жумабековду кесиптештери колдоп, мыйзамдагы кемчиликтерди жоюуну талап кылышты.

Эскертсек, “Милдеттүү камсыздандыруу” мыйзамы 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин 6 айдан кийин ишке ашырылмак. Бирок ЖК депутаттары 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу мыйзамын кабыл алышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.