29 май күнү «24.kg» маалымат агенттигинде Кубанычбек Жумалиевдин жактоочулары Бактыбек Жумашов жана Жыргалбек Бабаевдин онлайн конференциясы өтүп, анда алар КР Өкмөтүнө караштуу ЭККМК тарабынан башталган сотко чейинки териштирүү боюнча түшүндүрмө беришти. 

Маалым болгондой,  Жумалиевге карата ага тиешелүү мүлктүн мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. ЭККМКнын басма сөз кызматы тарабынан таратылган пресс-релизде К. Жумалиевге жана анын туугандарына таандык мүлк аныкталганы айтылган. Бул жерде ар кандай мүлккө ээ болуу фактысынын өзү эч качан мыйзамга каршы болуп эсептелбейт жана андан тышкары, жеке менчик биздин өлкөдө Конституция тарабынан коргоого алынган – деп билдирди адвокат Бабаев.

Тергөө далилдемейинче, кандайдыр бир менчик мыйзамсыз жол менен алынган деп эч ким айта албайт. Кыргызстанда күнөөсүздүк презумпциясы принциби иштейт жана аны эч ким жокко чыгарган эмес, – деп жыйынтыктады Бабаев.

Жумалиевге тиешелүү делинип жаткан, бирок киреше жөнүндөгү декларацияга кирбей калган 50 фирма туурасындагы жагдайга токтоло турган болсок, алар боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө бергибиз келет: Кубанычбек Жумалиев мамлекеттик кызматтарда 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген. Бул мезгил ичинде ал тарабынан катталган бир да ишкана болгон эмес, ал эч кандай коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес. 2005-жылдын мартына алганда, ал бир батирге жана эки жер тилкесине гана ээлик кылып турган. Март революциясынан кийин ал жана анын үй-бүлөсү ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан бир нече жолу текшерүүгө алынган. К.Жумалиев ишкерчилик менен 2005-жылдан кийин гана алектене баштаган. Бул мезгилде ал Илимдер академиясында иштеп турган жана бул мамлекеттик кызмат болуп эсептелбейт.

Активдүү иштеген 2005-2015 жылдарындагы он жыл ичинде ал жана анын өнөктөштөрү тарабынан ар кайсы убактарда 50гө жакын коммерциялык ишканалар ачылган. Ал ОсООлордун көпчүлүгү эчак эле жабылып калган, бүгүнкү күндө 36 компаниясы жок кылуу стадиясында турат. Биздин карамагыбызда иштебеген ишканалар боюнча салыктан жана социалдык фонддон эч кандай карыздар жок экенин тастыктоочу салык органдарынан келген бардык документтер бар. Башкача айтканда, нөлдүк отчеттор берилип турулган жана фирмалардын көпчүлүгү эч кандай коммерциялык иштерди жүргүзгөн эмес. КРнын Жогорку Кеңешиндеги депутаттык кызматка киришкен учурда Жумалиев тарабынан иштеп жаткан ишканаларын мыйзамга ылайык ишенимдик негиздеги башка компанияларга жана жеке инсандарга башкарууга өткөрүлүп берилген. Бул фирмалардын ишмердүүлүгүнөн пайда табуучулар так көрсөтүлгөн келишимдер түзүлгөн.

Жумалиевдин дарегине айтылып жаткан, бирок эч нерсе менен тастыкталбаган көптөгөн батирлери, ресторандар, пансионаттар, сауналар, Казахстандагы МОЛЛдор, Кумтөрдөгү акциялар, ЭВМ заводу, ТААТАН жана ГОИН соода борборлору боюнча айыптоолордогу маалыматтар чындыкка жатпай турганын расмий түрдө билдиребиз.

Мурда билдирилгендей, – деди адвокат Бактыбек Жумашов, – биз тараптан КР ИИМге Сыймык Жапыкеевдин өз тарапташтарын Кубанычбек Жумалиевге карата күч колдонуу аракеттерине, тактап айтканда, анын мүлкүн тартып алууга чакырган ачык билдирүүлөрүн кароо жөнүндө арыз берилген.

КР Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын лингвисттик экспертизасынын бүтүмүнө ылайык, С. Жапыкеевдин айткандарында массалык акцияларга, активдүү ишаракеттерге жана жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруулар бар. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакыруу жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу менен барабар) бар.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүүлөр боюнча кылмыш кылууга катыштыгы бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери кошумча жүргүзүлүүдө. Биз Жапыкеевдин билдирүүлөрү менин доогерим үчүн гана эмес, бүт өлкө үчүн алдын ала айтып болбогон кесепеттерге чагым болуп бериши мүмкүн. Негизинен айтканда, алар өзүм билемдикке, мыйзамдарды тебелөөгө, анын натыйжасы катары – жалпы башаламандыкка чакырышууда. Мындан тышкары, биз КР УКМКга Кубанычбек Жумалиев улуттар  арасында козутууга үндөгөн ураандарды айтты деген Фейсбук тармагындагы жалган баракчанын түзүлгөнүнө да иликтөө жүргүзүү боюнча арыз менен кайрылганбыз. Биз ошол замат эле К.Жумалиевдин жана анын туугандарынын бул баракчага эч кандай тиешеси жок экенин билдиргенбиз. Эми УКМКнын тергөө кызматы бул чагымдын артында кимдер турганын аныктоого тийиш. Ошондой эле К. Жумалиевди телевизиондук эфирден улуттар аралык касташууну козутуп жатат деп ачык эле билдирген Максат Мамыткановго карата да иликтөө жүргүзүлүүсү керек. Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле биз Ленин райондук сотуна ар-намысты жана беделди коргоп берүү жөнүндө арыз бергенбиз. Жоопкер Сыймык Жапыкеев. Доо 10 млн сомго бааланган. Бул сумма К.Жумалиевдин атына ачык көө жапкан бул жалаа социалдык интернет тармактар аркылуу бүткүл дүйнөгө тарап кеткени менен шартталган. Андан тышкары, Жумалиев Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болуп саналат. Ошондуктан биз аны жамандоо аркылуу бүткүл Жогорку Кеңешке көө жабылды деп эсептейбиз. Сот тарабынан кетирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн кандай гана өлчөмдөгү сумма дайындалбасын, анын баары кайрымдуулук максаттарына өткөрүп берилээрин белгилей кетели. 

Акырында айтаарыбыз, – деп жыйынтыктады адвокат, – чоң казатчы мырзалардын  интернет пайдалануучулардын ири аудиториясына Жумалиевди кылмыш жасаган деп фактологиялык материалы жок, куру сөз менен айыптап, укук коргоо органдарына ачык билдирүүлөрдү жар салып, аларды кылмыш иштерин козгоого чакырып жатышы, КР КЖКнын 163-беренесинде белгиленгендей – атайын билип туруп жалган айтууга жатаарын, ал үчүн мыйзам алдында жооп берээрин белгилеп кетким келет.    

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.