Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Zanoza.kg” порталынын журналисттерине жана укук коргоочу Чолпон Джакуповага койгон материалдык доосунан баш тартты. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Атамбаевтин айтымында, акыркы жылдагы маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта соңку жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызды материалдык бөлүгүнөн баш тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин, айыпты толук төлөгөнгө чейин журналисттердин мүлкү камака алынган. Толук айыптын суммасы 30 млн сом тузгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.