КР Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо-жай, короо-жай алдындагы бак-чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.
Унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак-жай, батир жана жер салыктарын – 2-сентябрына чейин төлөө зарыл.
Салык кызматы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөн салыкчыларды табуу боюнча рейд жүргүзүлүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдыраарын эскертет.
Ошону менен бирге, салыктарды өз убагында төлөбөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи.
Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, ошондой эле, төлөм терминалдары жана Интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 194 номери же
www.sti.gov.kg. сайты аркылуу алууга болот.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: