КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндөн, 2019-жылдын 15-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштады. Бул тууралуу МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров пресс-конференцияда маалымдады.

Анын айтмында, КР Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Салык кызматына өттү.

Ушуга байланыштуу, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды жана камсыздандыруу полистерин алуу үчүн аймактык салык органдарына (бирдиктүү терезелерге), тейлөө борборлоруна, патенттерди берүү пункттарына кайрылуулары керек.

2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер, анын ичинде 2018-жылдын декабрь айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору катталган жер боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына берилет. Анткени 2018-жылдын жыйынтыгы Социалдык фонду тарабынан чыгарылмакчы.

2019-жылдын январь айы үчүн отчет жана кийинки отчеттор ушул жылдын февраль айынан тартып аймактык салык органдарына берилүүгө тийиш.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча текшерүүлөр бир контролдоочу орган тарабынан ишке ашырылгандыктан, текшерүүнүн саны кыскарат.

Кененирээк маалыматты 194 (МСК) жана 1202 (СФ) байланыш номерлери, www.sti.gov.kg жана www.sf.kg сайттары аркылуу алууга болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.