Тоң районундагы Б.Мамбетов айыл аймагынын Жер-Үй айылына кичи футболдук аянтча курулган. Курулуш иштерине Кумтөр кен ишканасы 1 миллион 20 миң сомго жашыл шиберин алып берсе, жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом, жашоочулар 520 миң сом өлчөмүндө өздүк салым кошту. Бул тууралуу Б.Мамбетов айыл өкмөтү Илич Көөкөрөв билдирди.

Анын айтымында негизги демөөрчүнүн бири “Кумтөр” алтын кен ишканасы жаштарды сергек жашоого үндөө максатында мындан сырткары дагы 3 айылга жардам көрсөттү. Алдыда айыл кыштактын жаштары ынтымакты бекемдеп, райондук, облустук мелдештерге машыгууда.

“Кичи футболдук аянтчаларды куруу демилгеси өткөн жылы колго алынган. Кумтөрдүн колдоосу менен жыл айланбай ишке ашып отурат. Мурда айылдын жаштары бош убактысын үйүндө өткөрсө, эми машыгууга бел байлашты”, – деди Көөкөров

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.