Талас облусунун Аманбаев айылында жаңы оорукана курулуп бүттү. Ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

Оорукананын курулуш иштери 2014-жылы башталган, жалпы сметалык наркы 65,6 млн сомду туздү. Бүгүнкү күндө объекттин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, технологиялык жабдыктары  орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Жаңы оорукананын толук иштөөсү үчүн 50 ашык штат ачылды, алардын 15 врачтар, 20 орто медициналык кызматкерлер, 18и кенже медициналык кызматкерлер. Бардык статъялар жана айлык маяналар боюнча жыл сайын оорукананы кармоого бюджеттен 6 миллион сом бөлүнөт. Оорукана 14 айылдын элин сапаттуу тейлей алат.

Президент жана оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоевге 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

«2011-жылдан бери медицина кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлгөн эмес. Азыр биз аны көтөрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз», — деп Жээнбеков баса белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.