Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек кыштагында «Тополёк» балдар лагери иштей баштады. Союз учурунан калган бул имараттын оӊдоп түзөө иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүп берди. Бул тууралуу Жаргылчак айыл аймагынын башчысы Адилет Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында балдар лагери 54 жыл мурун курулган соӊ, союз тарагандан бери капиталдык оӊдоп түзөнү талап кылып жабылып калган. Быйылкы жылы фонддун жардамы менен 1 коттедж капиталдык оӊдолуп, 1 ашкана, балдар аянтчасы жаӊы курулду.

“Быйыл биз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Көп жылдан бери токтоп турган “Тополек” лагери Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун жардамы менен ишке кирип жатат. Азырынча жайкы сезондо ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй бүлөдөгү 70ке жакын баланы баткыра алабыз. Келээрки жылы дагы 2 коттеджди жаӊылап, эс алуучулардын санын 150гө жеткирсек деген оюбуз бар”, -деди Жакшылыков.

Маалымдай кетсек, Ак-Терек айылындагы 5 гектар жерди ээлеген “Тополек”лагери 1964-жылы курулган. Анда 250 орунга ылайыкталган 4 коттедж бар болсо, анын биринен өрт чыгып жарактан чыккан. Азыркы тапта 20 орунду 1 коттедж эс алууга жарамдуу

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.