Ысык-Көлдө ата-энелер 500 баланы эмдетүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Усенова билдирди.

Анын айтымында, эмделбегендердин 353 бир жашка чейинки наристелер болуп саналат. Басымдуу бөлүгү Каракол шаары менен Ак-Суу районунда күч алган.

“Балдарды эмдетүү боюнча жергиликтүү жашоочуларга канчалык түшүндүргөнүбүз менен эмдетүүдөн баш тарткан окуялар катталууда. Көбүнчөсү диний көз карашка байланыштуу болуп жатат”,- деди Усенова.

Ал эми облустун казысы Алмазбек Сагындыков эмдөөдөн баш тарткандар жөнөкөй жарандар экенин маалымдады. Анткени балдарды инфекциялык оорудан алдын алууга алынчу вакцина чет өлкөдөн келгендиктен көпчүлүк жарандар курамын талап кылат.

“Эмдөө иштерине Ислам дини жол берет. Бирок айрым жашоочулар дары-дармектер чет өлкөдөн келгенин эскертип, курамын билүүнү талап кылышууда. Эгер вакцинанын курамы ачыкталса, анда коомчулукта мындай маселе жаралмак эмес”,- деди Сагындыков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.