Ысык-Көл облусунда акыркы 11 жылга салыштырмалуу бруцеллез илдетинин саны кыскарды. Тагырагы бул ооруга 2007-жылы 620 адам чалдыкса, 2018-жылы илдет 54 адамга жуккандыгы аныкталган. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринардык фитосанитардык башкармалыгынын Ысык-Көлдөгү жетекчиси Бакыт Шарапов билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары малдан жугуучу бурцелез илдетинин кыскаруусу алдыналуу иштерини натыйжасын берүүдө. Мурда ача туяктуу кой-эчкилер эмделип келсе, эми ири мүйүздү бодолор ар мезгил сайын текшерилүүдө.

«Жер-жерлердеги жеке менчик ветеринарларга атайын макам бериле баштагандан тарта, мал-мүлктүн саламаттыгы өзгөчө көӊүлгө алынды. Анын натыйжасында уй жана койдон жугуучу бруцеллез илдети эрте аныкталып, коопту жагдай байкалса дароо жок кылынууда. Атап айтканда 2018-жылы жалпы 54 адам бул илдетке чалдыкты. Мындан 10-12 жылга салыштырганда 500дөн ашык учурга кыскарды», -деди Шарапов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.