Ысык-Көл облусун тургундары 50-90%дык жеӊилдетилген дары-дармекти эми электрондук негизде алышат. Бул тууралу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунунун Ысык-Көл башкармалыгынын башчысы Төлөндү Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, “Электрондук жеӊилдетилген рецепт” маалымат системасы Кыргызстан боюнча Ысык-Көлдө ишке ашууда. Анын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен дарыканалар мурда бейтаптарга кагаз жүзүндө дары жазып келсе, эми электрондук кызматта. Бул медициналык камсыздандырылган жарандарга ачык айкын болуусуна шарт түзөт.

“Быйылкы президенттин жарлыгына ылайык, облустагы Түп, Тоӊ. Жети-Ѳгүз райондорду электрондук системага киргизүү алдында турабыз. Анткени камсыздандыруудан өткөн жарандарга керектүү дарылар өз учурунда берилбей, коррупциялык иштер ачылган. Эгер акыркы эки айда электрондук система жыйынтыгын көргөзө алса, анда калган район шаарларга да жайылтабыз”,- деди Кыргызбаев.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда 460 миӊ калк жашаса, учурда анын 68%зы медициналык камсыздандырылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.