Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына илдеттин түрлөрүн аныктоочу жаӊы лаборатория ишке берилет. Ага «Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан» 3 миллион 169 миӊ сом, саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 миллион сом, швейцариялык долбоор боюнча 11 миллион сом, калганы өздүк салымдан керектелди.

Аталган оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаевдин айтымында, бул заманбап лаборатория бүтүндөй көл кылаасындагы бейтаптарды оӊой шартта тейлейт. Анда оорунун 9 түрү менен рак ооруларынын баштапкы стадиясын аныктайт.

«Мурда мындай лаборатория жок болгондуктан оорулунун көбү жеке менчик лабораторияларга барып, көп акча сарпташчу. Эми биздеги оорулардын жыйынтыгын аныктооочу жайыбыз толук кандуу ишке кирсе, алыскы бийик тоолу аймактын жашоочулары да кан тапшырып, жообун электрондук түрдө алууга мүмкүнчулук түзүлөт. Бул үчүн атайын кызматтык унаалар тартылып жеринде иш алып барат. Азырынча анализдик жыйынтыктарды тестирлөө ирээтинде сыноодон өтүп жатат», – деди Маанаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.