Ысык-Көл облусунун борборундагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имараты куурчалып, корпустар жаӊыланды. Ага «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу ички жана тышкы оңдоп-түзөө иштерине 4 млн 554 миң 829 сом бөлгөн. Бул тууралуу атаган мекеменин башкы дарыгери Гүлүшкан Тайлакова билдирди.

Анын айтымында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда ар түрдүү вакциналар жана химиялык заттар сакталат. Ошол себептен өзгөчө кайтарылуучу объектилердин катарына кирет. Буга чейин тосмо дубалдар урап, коопту абал жаратып келген. Эми тиешелүү кемчиликтер толук кандуу оӊдолуп, жумушчулардын түйшүгүн азайтты.

«Ооруларды алдын алуу мекемебиз административдик, лабораториялык, паразитологиялык корпустардан турат. Тилекке каршы 1976-жылы курулгандан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Буга чейин чатырдан суу өтүп, иш бөлмөлөрүн суу каптаган учурлар болгон. «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунун каржылоосу менен мекеменин чатыры, эшик-терезелер салынып, заманбап ажатканалар курулуп, тегерек четине тосмолор коюлду»,-деди Тайлакова.

Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.