Ысык-Көл облусундагы бейтапканаларга 8 кызматтык унаа берилет. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу 7 миллион 400 миӊ сом бөлүп, чет өлкөдөн алынып келүүдө. Бул тууралу облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, облуста 2003-жылдан бери кызматтык унаалар жаӊылана элек. Учурда анын ичинен тез жардамдын эскилиги жетип, Каракол менен Ак-Суу районунда маселе жаралып жатат.

«Саламаттыкты сактоо тармагында 9 миӊ кишиге 1 тез жардам кызмат көрсөтүүсү керек. Бирок, Каракол шаарында калктын саны 75 миӊден ашып, болгону 2 бригада иш алып барып келген. Мындай жагдай башка район шаарларда да бар. Ошондуктан коомчулук арасында кечигип келет деген нааразылык жаралып, биз облустук өнүктүрүү фондусуна кайрылдык. Бүгүнкү күндө фонд акча каражатын бөлүп, тендер уткан компания 8 кызматтык унааны Германиядан алып келүүдө. Азыркы тапта жаӊы унааларды муктаж болгон бейтапканаларга, үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна бөлүштүрүп жатабыз»,- деди Сагынбаев.

Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.