Бишкектеги экологиялык абалды оор деп айтсак жаңылбайбыз. Эксперттер РМ2 бөлүкчөлөрү зыян алып келет, терезелерди ачып батирлерди жеңилдетпегиле деп айтышат. Анткени зыян келтирүүчү заттар жүрөк жана өпкөнүн ооруларын козгойт.
Мамлекеттик органдар жоопкерчиликти өзүнүн мойнуна алганга даяр эмес. Алар өкмөттүк эмес уюмдарды жактаган экологтордун далилдери ынандырарлык, Бишкектеги абанын булгоосу жарамдуу ченемден ашпайт деп билдиришет.
Бишкектиктерди кара түтүн булутунан кантип куткарыш керек?
Эксперттер, экологияга унаалар үчүн зыян келтирбеген отундан сырткары жаратылышты сактоо фондун түзүш керектигин айтышат. Бул фонд республиканын бюджетине кошумча жүк болбой экологиялык маселени комплекстүү түрдөө чечүүгө жардам берет. Мекемени Кыргызстандагы ири ишканалар каржылайт.
“Социалдык жоопкерчилик деген тушүнүк бар. Ири бизнестин көбүнчөсү Бишкек менен Чүй облусунда жайгашат. Ушулар экологиянын абалы боюнча чечүү маселесенин ойлонушу керек, анткени чоң ишканалар кирешеден салыкты төлөөдөн бошотулган. Ири жана орто бизнес Кыргызстанда алардын бир тууган, достору жашаганын эске салууга зарыл. Экологиялык маселе Бишкектин ар бир тургунуна тиешелүү”, – деди мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов.
Анын айтымында, бюджеттен каражат сурабай, программаларды каржылоого жана айлана чөйрөнүн маселесин чечүү үчүн жаратылышты коргоо фонду оптималдуу вариант. Бирок мамлекетке бул фондду тапшырган туура эмес. Каражаттарды туура колдонуусун көзөмөлдөп турган кеңеш тузүлөт. Фонддун каражатын чиновниктердин кабинеттерин оңдоого, жана маморгандарга унаа алып берүүгө эмес, экологиялык программаларды ишке ашырууга сарпташ керек.
Эскертсек, бул маселе 2017-жылы кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүдө талкууланган. Ошол эле жылдын 11-сентябрында эки тарап жаратылышты коргоо боюнча Стратегиялык келишимге кол койгон. Документтин ичинде «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондун түзүү боюнча токтом бекитилген.
Чечим бар. Бирок!
Стратегиялык келишимге ылайык, «Центерра» Ысык-Көл акваториясын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы төлөйт. Андан сырткары, жыл сайын экология үчүн төлөнчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин өсөт.
Бирок, кыргыз өкмөтү Стратегиялык келишимди аткаруу боюнча милдетин узак мөөнөткө чойду.
“Пикир” регионалдык эксперттер клубунун төрагасы Игорь Шестаковдун айтымында, жаңы инвестор келип маселени чечет деп Бишкектин күткөнгө убактысы жок. Ошондуктан Стратегиялык келишимди ишке ашырып Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүү туура чечим.
“Бишкектин экологиясын туруктуу абалга алып келебиз деген коомдук уюмдар бар. Мен бул фондду түзүү демилгесин колдойм. Кыргыз бийлиги эмнени күтүп жатат? Бизде экологиялык программаларды ишке ашырууга даяр коомдук уюмдар бар, бирок чиновниктер чет элдик инвесторлор келип бизге каражат берет деп күтүшөт. Андай инвесторлор болбосо бул чечимдер кагазда эле калабы?”, – деп Шестаков суроо берди.
“Центерра” жөнүндө айтсак, 2009-жылдагы “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын дүң кирешесинен 1% өлчөмүндөгу каражатты ай сайын которот. Бул каражаттар областтын экономикалык потенциалын жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган социалдык олуттуу долбоорлорду финансылоого арналган.
Аны менен кошо, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун 50 миллион долларын унутпаш керек. Ал каражаттын 10-20%ын Бишкек менен Чүй облусунун жаратылышын коргоосуна жумшаса болот. Бул маселени өкмөт менен “Центерранын” ортосундагы сүйлөшүлөрдүн деңгээлинде көтөрүш керек. Балким инвесторлор сунуштарды эске алып экологияны туруктуу абалына келтирүү үчүн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизишет.
“Бишкектин жылдык кирешеси 6 миллиард сомду тузөт деп мэриянын кызматкерлери тастыктады. Бирок баш калаага бул каражаттан 10% гана калат. Мэр калган каражаттын баарын экологияга зыянсыз май менен жүргөн унааларга корото албайт. Ошондуктан эксперттер жаратылышты коргоо фонду маселесин талкуулап баштаган. Фондду уюштуруу учуру келди, бирок анын каражатын түзүүгө Кумтөрдөн сырткары да тартылыш керек” – деп Шестаков белгиледи.
Жаратылышты өнүктүрүү фондун каржылоосуна Кумтөрдөн сырткары, ири жана тоо кен компаниялар да жардам бергенге мүмкүн бар: булгары менен иштеген ишканалар, «Жунда» нефти иштетүүчү ишканасы, Чүй облусундагы цемент-шифер чыгарган заводдор.
“Өкмөт “Центерра” менен кол коюлган Стратегиялык келишимди ишке ашырууга зарыл. Экологияны туруктуу абалга келтирүү үчүн каражат бар, бир гана катуу иш чараларды өткөрүүгө даярдык керек”, – деп эксперттер кайталашат.
Эскертсек, 2017-жылы максималдык көрсөткүчтөрү 7 январда катталса, 2018-жылы октябрда көрсөтүлдү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: