2018-жылдын 11-июнунда Талас облусунун Ак-Жар айылында Бабахан сайынан түшкөн сел суулары Ак-Жар айылынын 4 көчөсүнө жана турак үйдү каптап кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма соз кызматы билдирет.
Сел каптоонун себеби Ак-Жар айылынын түштүк тарабында жайгашкан сел өтүүчү сайдан “Таза суу” долбоору менен таза суу өткөрүү максатында 3 участоктон сайдын туурасынан траншея казылган. Ал чала жабылып, бекемделбегендиктен сел өткөрүүчү сайдын 3 участогунан Ак-жар айылынын 4 көчөсүн, 15 турак үйдүн коро сарайларын жана участокторун, 1 орто мектептин тегерегин жана 4-5га айдоо аянттарды сел суулары каптагандыгы аныкталды.
ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Мирлан Карабаевдин айтымында, учурда Жарандык коргонуу комиссиясы күнөлүүлөрдү тактап, чара көрү максатында тиешелүү иш-аракеттерди аткарып жатышат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: