Бишкекти каптаган кара түтүн коомчулукту КР мамлекеттик органдары тарабынан абалды оңдоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү талап кылууга түрттү.  Баш калаадан  сырткары, Кыргызстандын бүт аймактарында экология маселесин чечүүгө зарыл.

Албетте, мамлекетте эл аралык уюмдар аркылуу экологиялык долбоорлор ишке ашырылат. Долбоорлорго миллиондогон каражат бөлүнөт, бирок ири суммалар ыңгайлуу отчетторду түзүүгөгана коротулат. Чындыкта долбоорлор кагазда эле аткарылып калат.

Экоактивист жана фотограф Влад Ушаков Элет.media редакциясы менен курган маегинде  бул долбоорлордон эч пайда жок деп белгиледи. Анын айтымында, долбоорлорду көз карандыз комиссиялар көзөмөлгө алыш керек.

Кыргызстанда мергенчи чарбаларды, жаныбарлардын саны боюнча көз карандыз мониторинг жүргүзү зарыл.  Мисалы, жапайы жаныбарлар боюнча маалыматты Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги көрсөтөт. Бирок чиновниктер өздөрүнө ыңгайлуу маалыматты беришет. Алар илбирстин даанасын да билишбейт. Суроолордун баарына егерлер санаган деп жооп беришет.

«Бизде көртөгөн экологиялык долбоорлор ишке ашырылат. Бирок бул процессти көзөмөлдөгөг комиссия же жарандык активисттер жок. Долбоорлорду ишке ашырганда мониторинг өткөрүшөт, дурус отчетторду даярдап, көркөм сандарды жазып, миллиондогон долларларды кагазга жумшап алектенишет. Бул иштен эч пайда жок», – деп Ушаков кыжырданат.

Анын айтмында, экологиялык долбоорду ишке ашырган схемалар оңой: бутак байлабаган көчөттөрдү отургузуп, ыңгайлуу отчеттор тузүлөт. Долбоор аягына чыккандан кийин, көчөттөрдү эч ким карабайт.

“Түштүктө бир эл аралык уюмдун жаңгак боюнча долбоору өткөн. Эки жылдын ичинде жайыттар жаңгакка кандай таасир берет экенин изилдөө үчүн 5 миллион евро сарпталган. Факт боюнча 5-7 көчөт гана отургузулган. Бизде акча бар, мисалы, жайыттардын баары ижарада. Ал жерге туристтер барып кымыс ичип кетишет. Биздин егерлер 5 миң сомдук маяна менен жашап жүрүшөт, каражаттын баары каяка кеткенин эч ким билбейт?» – деп Влад Ушаков суроо берди.

Бир жыйынтыкка жетиш үчүн, экоактивист жергиликтүү чиновниктердин жардамы керек деп санайт.

«Мисалы, бактарды кыюу боюнча аларга эл аралык уюумдар аркылуу басым кылганга мүмкүн бар болчу. Азыр система алмашып калган – ошол эле уюмдур Кыргызстанда долбоорлорун ишке ашырышат. Бирок чиновниктер кол койбосо долбоор токтоп калат. Ошондуктан чиновниктерге дабаа жок», – деп Ушаков белгиледи.

Кыргызстандагы экологиялык маселелерди чечүүгө айлана чөйрөнү коргоо фонду жардам бермек. Эгерде кыргыз өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc. ортосундагы Стратегиялык келишим ишке ашырылса бул Фонд негизделип 50 миллион АКШ доллары которулмак. Андан сырткары, жылдык экологиялык төлөмдөр 300 миң доллардан 3 миллионго чейин жогорулайт.

Эксперттердин айтымында, кандай бир фонд түзүлсө, каражаттын таза жүрүшүн жарандык активисттер, эксперт-экологдор, журналисттер жана финансы адистери көзөмөлгө алыш керек.

Бул пикирге эколог Дмитрий Ветошкин кошулат. Анын айтымында, айлана чөйрөнү коргоо фонду Кыргызстандын бүт аймактарындагы экологиялык маселелерди чечет. Мисалы, жайыттарды өз калыбына келтирүү.

Дмитрийдин айтымында, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде экологиялык фонд бар. Анын каражаттары ишканалар таштандылары үчүн төлөгөн акчадан түзүлөт. Бирок ал каражаттар негизинде каяка жумшалат?

“Экологиялык төлөмдөрдү социалдык маселени чечүү үчүн жумшабай, ишканалардын экологияга таасирин төмөндөтүүгө сартпашыбыз керек», – деп эколог Ветошкин белгиледи.

Анын айтымында, көнүлдү конкреттүү чараларга буруп, мисалы жаңыланма энергетикалык ресурстарды (ЖЭР) табып чыгуу зарыл. Кыргызстан климат боюнча эл аралык келишимдердин катышуучусуна карабай, ЖЭР артка жылдырылып калган.

«Өндүрүштө экологиялык технологияларды иштеп чыгып ишке киргизиш керек. Бирок ишканаларды бул технологияларды колдонууга стимулдаштырган механизмдерибиз жок. Кумтөрдөн сырткары Кыргызстанда башка ишканалар иштей баштайт. Алар “таза” технологияларды колдонуу боюнча мамлекетте бир да механизм жок», – дейт Ветошкин.

Азыркы тапта энергетика тармагынын күчтүлүүгүн жогорулатып, турак жайларды көмүрдүн ордуна электроэнергия менен жагууну үйрөтүшүбүз керек. Коомчулук экологиялык фонддун каражаты туура колдонууга даяр болуу убактысы келди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.