Мамлекеттик органдар Бишкекти курчаган кара түтүн мене күрөшүү үчүн кандай чара көрөт, жана Кыргызстандын башка аймактарындагы экологиялык маселелерди чечкенге эмне тосколдук болуп жатат. Бул жана башка маселелер боюнча Элет.media редакциясы экоактивист жана «МувГрин» (MoveGreen) жаштардын экологиялык уюмунун жетекчиси Мария Колесникова менен маек түздү.
– Акыркы жылдары Бишкектин абасында РМ 2,5 зыян келтирүүчү заттар катуу талкууга алынган.
– Бишкектиктер кара түтүндөн деми кыстыгып жатканын биз 2017-жылдын башынан бери айтып баштадык. Абанын абалы боюнча ачык маалыматсыз болсок да, ЖМКы маселе жөнүндө айтып баштаганда, үч айдын ичинде прессада чыккан макалалардын санын бирден жүзгө чейин жеткирдик. 2018-жылдан баштап Бишкектин тургундары шаардын абалы боюнча сүрөттөрдү, дрондору менен видеолорду тартып маалыматты чогултканга жардам беришти.
Негизи, абанын булгануусу бир күндө эле пайда болгон эмес. Мен 2014-жылы шаарды курчаган кара түтүндү көргөндө ишмердүүлүгүмдү баштагам. Азыркы катастрофалык жагдайды мурда эч ким талкууга алып, изилдөө өткөргөн эмес. Биз ӨКМин, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигин, “Кыргызгидрометти” актуалдуу маалыматты көрсөтүп тургула деп чакырабыз. Абанын сапатын текшерүү бул каражаттуу чара болот, бирок бизде абадагы беш зат боюнча маалыматыбыз бар болуш керек.
2017-жылы өкмөттүн башчысы Сапар Исаков ведомстволордун ортосундагы комиссияны түзүүгө буйрук берген. Жыйынтыгында Бишкектеги экологиялык кырдаалды туруктуу абалына келтирүү боюнча 5 жылдык план жазылган. Өкмөт алмашкандан кийин, вице-премьер Кубатбек Боронов экологиялык кырдаалды оңдоо боюнча 30 кеңештен турган жокументке кол койгон. Азыркы учурда бирөөсү гана аткарылган – Кыргызстанга төлөмсүз электроунааларды киргизүүгө жол берилген. Бул документти кое берип салбай, аткаруу процессин көзөмөлдөө зарыл.
– Сиздин оюңуз боюнча, бул кырдаал кайдан пайда болду?
– Шаар өсүп жатат, аны 47 жаңы конуш курчап турат, Аламүдүн жана Ала-Арча капчыгайларына үйлөр курулуп баштады. Курулуштун эрежелери сакталбайт. Баш калаанын абасын кирдетүүгө 500 миң унаа деп санасак болот, алардын ичинен Чүй облусунан Бишкекке күнүнө 90 миң унаа кирип чыгат. Себептердин бири – шаар чала желдетилет. Акыркы учурда Бишкекте канча деген жарнама баннерлери пайда болду, алар шаардагы зыян заттарды шамал менен чыгарып кеткенге тосколдук тузүшөт. Андан сырткары, Бишкекти Сибирдин антициклону каптайт. Климатттын өзгөрүшүн да эске алышыбыз керек. КР Илимдер академиясынын маалыматына ылайык, 10 жылдын ичинде Бишкектин абасынын орто температурасы 0,35 °С жогорулаган. Бул факторлорго биз көңүл бурган эмесбиз, бирок чиновниктер экоактивисттерди “элди дуулдатбагыла” деп чакырышат.
Азыркы учурда, «МувГрин» алматылык активист Павел Александров чогулткан жети датчик менен колдонот. Жабдуулар “Казгидрометтен” тастыкталган, бирок Кыргызстанда аларга ишеним жок. Ошондуктан биз Кыргызстандартка эки датчигибизди экспертизага бергенбиз. Алардын бирөөсүү РМ 2.5тен оор РМ10 заттарды мониторлойт. Документтер менен бизге Алматыдагы Almaty Urban Air тобу жардам берип жатат. Бирок бул процесс көп убакытты ээлейт деп ойлойбуз.
– Экологиялык бузулууга жеткирбеш үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?
– Шаар курулушу, транспорт, жол салуу жана жашыл фондду өндүрүүгө тиешелүү мыйзамдарды, ченемдик-укуктук акттарды тууралашыбыз керек. Азыркы эрежелер каалаган жерди сатып алып мейманканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү цехтерди курууга мүмкүн берет. Бул кадамдар жашоочулардын ден соолугуна таасирин көрсөтөт. Бул жерде аярлуу тобу бар.
Каракуль көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын бөлүгүн кыюуга кетерин билесиңерби? Бийлик жолду менчик сектордун эсебинен кеңейтмек, бирок жашоочулар жерин базар баасында сатканга макул болгон. Ошондуктан, чиновниктер Ботаникалык бактын бөлүгүн кыюу арзан болот деп чечимди кабыл алышкан.
Бактарды кыюудан мыйзам чыгаруу денгээлинде коргоо маселесин эколог Дмитрий Ветошкин көтөргөн. Бирок бул маселе менен эмнеге мамлекет эмес экоактивисттер алектенет? Эки тарапта кызматташтык жок. Активизм – аргасыз чара. Бишкектиктер адам үчүн арналган шаарда жашагылары келет. Бизде андай эмес. Жолдорду кеңейтишет, тротуарларды унутуп калышат. Жаш энелер балдары менен сейилдикке каяка чыгышат? Эмнеге жашыл зоналар кыскарып жатат? Менин оюмча, булар бизди келесоо катары көрүшөт…
Бишкектин мэриясы коомдук транспортко жолдон өзүнчө бөлүк берүү боюнча пландары бар. Бул чара жолдогу кыймылды азайтып, жарандарды менчик унааларды колдонбогонго жардам бермек. Унаалардын тыгылышында бир саат турган оңойбу же керектүү жерге 15 мүнөттө жетүүбү? Бул чечимдерди бийлик билет, бирок көнгөн жолун кайрадан кайталашат.
Бишкектин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканда, кээ бирөөлөрү “биз жолдорду кеңейтпеш экендигин билебиз, 50 жылдан кийин аларды кайра тарытууга зарыл… Жаардын көбүнчөсү айдоочулар, ошондуктат биз шайлоочуралга жагуу кадамдарга барабыз” дегендер бар.
Биз иштеп жаткан мончолорго эскертүү берип, “шамал” менен күрөшкөндөн алыс болуп, Экологиялык абалды оңдоо планын аткарууну ойлошубуз керек.
– Жарандык коом мамлекетке эффективдүү экологиялык программаларды сунуштай алабы?
– Эки тараптан тең даярдык бар, бирок баары таза процесс жана жалпы бир эреже менен өткөрүлөт. Ар кандай долбоорлорго чакырылган эксперттер көз карандыз иштеп, элдин пикири эске алынат. Мисалы, Кыргызстан Париждеги келишимге кол койгон эмес. Келишимге макул болсок, өлкөгө кредиттер менен гранттар эмес, түз инвестицилар келмек. Ошондо көнүлүбүз жаңыланма энергетикалык ресурстарга бурулмак. Украинанын төрт шаары 2050-жылга чейин ЖЭРна толук өтүүнү жарыялашты. Биздин мамлекет шамалдын күчүн, күндүн энергиясын, гидроэнергетиканы туура колдонсо, импорттолгон газжана нефттен баш тартууга мүмкүн болмок.
– Экологиялык коркунучтар менен күрөшүүлөрдүн бир чарасы Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүү деген ойлор айтылган. “Кумтөр” компаниясы демилгечи болуп, долбоорлорго $50 млн бөлүүгө даяр болгон. Фондду каржылоого “Жунда” заводун, Канттагы цемент-шифер заводу, май куюуучу станцияларды жана башка ишканлар чакырылат. Бул демилгени туура деп ойлойсузбу?
– Мен экоактивист катары, айлана чөйрөгө таасирин берген ишканаларга каршымын. Бирок ушундай фондду түзү туура. Бул жакшы демилге, аны туура ишке ашырыш керек деп ойлойм.
Фонддун каржаттары кантип бөлүнөт, коомчулукка акчанын сартпалган отчеттору ачык болобу, эко-долбоорлорду каржылоосун ким көзөмөлгө алат деген суроолор пайда болот. Эгерде, долбоорду мамлекет ишке ашырса, маморгандардын иши текшерилет. Бирок аларга ишениш жок. Журналисттик иликтөөлөр экологиялык долбоорлорго миллиарддаган сомдор коротулат. Мисалы, токойлор ар дайым изилденип турат, бирок алар кыйылып, кыскартылат. Биз буларды чиновниктерден эмес, активист Влад Ушаковдон угабыз.
Органдын каражатын бөлүштүргөндө эксперттер, финансы адистери, жарандык коомдун өкүлдөрү, экологдор жана журналисттер көзөмөлдөгөн туура. Эксперттик ишти сапаттуу өткөрүү үчүн аларга акы төлөнүш керек. Негизи, Фонддун ишмердүүлүгүн ар дайым текшерүү туура болот. Негизги суроо – көзөмөл органынын өкүлдөрү кантип дайындалат? Бирөө туура эмес кадам кылса баарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү кошулуп, бедели кетет.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: