Бүгүн, 25-апрелде өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омпол уран кени боюнча Ысык-Көлдүктөр менен жолугууда. Иш сапары менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушовдор келишкен.

Алгач өкмөт өкүлдөрү уран кени жайгашкан Көк-Мойнок айыл аймагынын тургандары менен кездешип, түшүндүрмө берилүүдө.

“Мамлекет тарабынан уранды кайра иштетүүгө эч кандай уруксаат берилген эмес. Лицензияны алган «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын мөөнөтү бүтүшү керек, андан соӊ мамлекет уруксаат береби бербейби азырынча белгисиз. Ага чейин жергиликтүу жашоочуларга, экологияга тийгизген таасира кандай болот анын түзүлгөн комисиия тыянак чыгарат. Ѳкмөт башчы чечим кабыл алганын айта кетүү керек. Премьер-министрдин тапшырмасы менен чалгындоо иштери да токтоду. Элди жөн гана кыйнаштын кереги жок”,- деди Боронов.

Маалымдай кетсек, буга чейин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кенди иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилгенин жарыялаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.