2019-жылдын апрель-июнь айларында «Кумтөр» кени 153 миң 307 унция (4 768,38 кг) алтын сатып өткөрдү. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше $197,7 млн түздү. Бул тууралуу ишкананын кварталдык отчеттунда билдирилген. 

2019-жылдын II чейрегиндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 151 миң 065 унцияны түздү, ал эми 2018-жылы ушул эле мезгилинде алтын ɵндүрүү 83 миң 802 унцияны түзгɵн. 

«I чейрегиндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү кампада сакталган бай руданы ɵндүрүү жана жогору ылгоо коэффициенти эсебинен ɵскɵн», – деп отчетто белгиленген.

2019-жылдын II чейрегинде АЫФ берилген руданын орточо курамы 3,48 г/т, ал эми алтын ылгоо коэффиценти 82,3% түзсɵ, 2018-жылдын ушул эле мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 2,27 г/т жана 70,3% түзгɵн.

«Ал эми, фабрикада байыраак руда иштетилип, алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү чоңураак болгонуна байланыштуу Кумтɵрдө ɵзүндɵ да бул чейрек ɵткɵн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда ийгиликтүү болуп, жалпысынан 151 миң  65 унция алтын ɵндүрүлгɵн. Ушул жылдын биринчи чейрегинде байкалган карьердин түндүк-батыш боорундагы жылышуулар турукталып, 2019-ж. II чейрегинде грунттун жылышуулары байкалган эмес. Экинчи чейректин жыйынтыктары компаниянын позицияларын бекемдɵɵгɵ, быйылкы күтүлгɵн алтын ɵндүрүүнү 550 миң – 575 миң унцияга чейин кɵтɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле, Кумтɵр өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD) (салыкка чейинки) 685 доллардан 635 долларга чейин кыскартууга жетишти. Бул болсо компания алкагында консолидацияланган өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD)  (салыкка чейинки) 743 доллардан 713 долларга чейин кыскартылганын билдирет», – деп «Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри комментарий берди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.