КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 31-июлда, 2018-жылы аяктоо пландалып жаткан социалдык объектилердин, жолдордун жана ирригация объектилеринин курулуш маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
«Өкмөттүн алдынкы милдеттеринин бири – аймактарды социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо болуп саналат. Мындан тышкары Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган объектилерди курууда курулуш ченемдерин жана эрежелерин аткаруу боюнча талаптарды көзөмөлдөө аркылуу иштин сапатына өзгөчө басым жасоо зарыл», – деп айрыкча белгиледи өкмөт башчысы.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 104 социалдык-маданий объектинин курулушу бүткөрүлөт, 31 социалдык объектте жана 25 айылды таза ичүүчү суу менен камсыздаган 15 суу менен камсыздоо объектисинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жалпысынан 150дөн ашуун объекттер ишке берилет.
Бактыбек Абдиев белгилегендей, өткөн жылы 2018-жылга караганда пайдаланууга болгону 97 объект берилген.
«Үстүбүздөгү жылы «капиталдык салымдар» беренеси боюнча башында пландаштырылган объектилердин курулушуна 1 млрд 938 млн сом каралган. Бирок 2018-жылдын июлунда өкмөт тарабынан 1 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынган. Жыйынтыгында бөлүнгөн каражаттар 233 объектиге каралган, алардын 150сү быйыл бүткөрүлөт. Бүгүнкү күнү 1 млрд 700 млн сом өздөштүрүлгөн, августтун башында 635 млн сом өлчөмүндө каржылоо күтүлүүдө. 2018-жылы аяктоо пландалган объекттердин 74ү – бул билим берүү объекттери», – деп билдирди ал.
Кеңешменин жүрүшүндө Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов айткандай, 2018-жылы Министрликке «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 1 985,0 млн сом каралган, анын ичинде Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушуна – 935 млн сом. Быйылкы жылдын этегине чейин ведомствонун бюджеттик каражаттарынан жана капиталдык салымдардан жолдун 265,5 чакырымында асфальт бетон төшөлөт.
«Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата бардык белгиленген иштерди аяктоо үчүн биз болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Мындан тышкары бүгүнкү күнү республика боюнча пландаштырылган 14 көпүрөнүн ичинен алтоонун курулушу аяктап, калгандарында куруу иштери жүрүүдө. Графиктен калуулар жок», – деп маалымдады министр.
Ошону менен бирге Жамшитбек Калилов билдиргендей, Бишкек — Ош унаа жолун, 4-фаза, 67 чакырым Маданият — Жалал-Абад тилкесин жакшыртуу боюнча долбоору көп жылдар бою каржылоонун жоктугунан чечилбей келген. Бирок учурда жалданма компаниясы аныкталды. Курулушту үстүбүздөгү жылдын октябрында баштоо пландалууда.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каржы министри Адылбек Касымалиевге 2018-жылы киргизилген объекттерди өз убагында каржылоону тапшырды.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: