Ош облусунун Араван районунда пахта терүү иштери башталды. Быйыл райондо жалпы 1 252 гектар аянтка пахта айдалып, учурда түшүм жыйноо иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл пахтадан түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык «Элита» сортундагы пахта өстүрүлүп, дыйкандар бул сорттун түшүмдүүлүгүнө басым жасашууда.
Пахта өндүрүүдө сууну үнөмдөөчү заманбап технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу системасы кеңири колдонулууда. Ошондой эле түшүмдү жыйноодо пахта терүүчү комбайндар пайдаланылып, бул кол менен терүүгө салыштырмалуу дыйкандар үчүн экономикалык жактан үнөмдүү болууда. Учурда пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы бааларга жараша аныкталат. Жыйналган пахта жергиликтүү пахта кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлүп, өндүрүлгөн пахта негизинен Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пахта өндүрүүчүлөрдү колдоо, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана заманбап технологияларды жайылтуу багытында тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Дыйкандарга пахта өстүрүү жана түшүм жыйноо мезгилинде уюштуруучулук, консультациялык жана башка багыттарда ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо иштери улантылууда.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: