2026-жылдын 2-4-июнь күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Финансы-экономика жана салык системасынын ардагерлер коому» коомдук бирикмесинин отчеттук жыйыны өткөрүлдү.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 186 ардагер катышты. Жыйындын жүрүшүндө коомдук бирикменин төрагасы Салмоорбек Асипов отчеттук мезгилде аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, ардагерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштер тууралуу маалымат берди. Облустук жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү ардагерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана жетишкендиктер тууралуу ой бөлүшүштү.
Иш-чаранын алкагында бир катар ардагерлер мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланып, 49 ардагерге «Финансы министрлигинин ардагери» төш белгиси ыйгарылды. Катышуучуларды жергиликтүү финансы жана салык органдарынын жетекчилери куттуктап, ардагерлердин өлкөнүн финансы-экономикалык системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилешти жана маданий программанын алкагында ардагерлер Ош шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен таанышышты.
Отчеттук жыйын тажрыйба алмашууга, кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана муундар ортосундагы ынтымакты чыңдоого өбөлгө түздү.
Маалымат булагы КРФМ
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: