Бишкек-Ош автожолунун курулуш иштери 4 фазага жетти. Азыркы учурда 15,9 чакырымында кум-шагыл тѳшѳѳ иштери, 29 жерде суу ѳткѳрүүчү түтүктѳр, 85 дааны электр линияларын жылдырып, орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек-Кара-Балта автожолундагы тилкеге туура келген 3,5 миң бак кыйылды. Ведомствонун айтымында, ар бир бактын ордуна үчтѳн  бак отургузулат.

Маалымат ирээтинде:  Бишкек – Кара-Балта автожолу жалып узундугу 45,1 чакырымды тузѳт. Долбоордун донору Азиа Ѳнүктүрүү Банкы, жалпы суммасы: 120 миллион долларды түзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.