Ошто үч ай мурун ачылып – Россия менен Казакстанга жеткирүүнү жөнгө салуу!
Эсепчи Зулайха Кулмашова уулу менен спорт кийимин тигип, бир аз гана айдын ичинде тигүү цехин башынан аягына чейин куруп чыга алат деп ким ойлонду эле? Кантип деген суроого ал: жарыя берип, тикмечилерди таап, насыя алып жабдууларды сатып алдым, деп жооп берет. Жабдууну иштебей турган соода имаратына орнотту (кудай жалгап, орун табылды). Айтор, керектөөчүлөрдүн сурамы өзгөргөндө, ага ылайыкташуунун жолун турмуш айтып берди.
— Быйыл эле ачылдык, – дейт ал. – Азыр менде 15 кыз-жигит иштейт.
— Жигиттер да иштейби?
— Ооба, цехимне бешөө иштейт, – деп жылмаят. – Бирөө чөнтөк тигет, экинчиси сызыктарды бычат, үчүнчүсү сыдырмаларды илет, төртүнчүсү таңгактайт… Майым бала да иштей, мыкты иштейт! Баарыбызга жумуш керек, жашоо катаал. Аларга шарт түзүп берүүгө аракет кылам: түшкү тамагын алып берем, экөө бул жерде түнөйт, себеби жашай турган жери жок, эмгек акысын убагында төлөп турам. Салыктарды да сөзсүз төлөйм!
Учурда Зулайханын цехи мырзалардын спорт кийимдерин гана тигет, бирок келечекте айымдардын жана жаш балдардын кийимин тигүүнү пландаштырып жатат – кеңейүү үчүн цехте орун жетиштүү.
— Июнь айында 4,2 миллион сом насыя алып, дароо эле тигүү жабдуулары менен техниканы сатып алдык, – деп сөзүн улантты ал. – Кытайдыкы, бирок сапаттуу, жапжаңы, документтери бар. Мыкты тигет. Биздин кийимди сатып алгандар таң калат, Түркиянын кийиминдей дешет! Азыр биз көп тикпейбиз, бирок эл кийимибизди жактырып, сатып алат.
— Оштуктар алабы?
— Жок, биз Бишкекке жөнөтөбүз, жакындан бери Россия менен Казакстанга да жибере баштадык. Башынан эле ошентели деп ойлонгонбуз. Ушул шарттарга таянып насыяны да алганбыз.
— Насыяны банктан алдыңызбы?
— Жок, кичи жана орто бизнес программасы боюнча “БТА банк” аркылуу фондунун каражатынан алдык.
— Эмне үчүн ал жакка кайрылдыңыз?
— Мен карап чыктым да, алардын пайыздык үстѳгү тѳмѳн экен! Алар менен иштеш да абдан ыңгайлуу. Ишибизди чоңойтсок, кайта аларга кайрылам.
Баса, беш жылдын ичинде РКѲФ 70 ири жана 2,6 миң кичи жана орто бизнестин долбоорлорун каржылап, ага 400 миллион доллардан ашуун каражаттын берди. Кызыгы, өлкөдө кризис башталып, жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгү (азыр да, 2015-жылы да) төмөн болуп турган мезгилде да жаңы кардарларды таба алды. Натыйжада жаңы иш орундары ачылып, өлкөнүн бюджетине салыктар төлөнүп, ал эми насыянын жардамы менен ишкерлер бутуна туруп, жаңы тармак, жаңы рынокторду өздөштүрө алды.
Маалымат үчүн: РКѲФ насыяларынан пайдаланган ишкерлердин жыйынди кирешеси ИДПнын 8,7 пайызын түздү Бул сандар Кумтөрдүн” кошкон салымына барабар! Салык төлөмдөрү болсо 5,4 миллиард сомду түздү – бул бюджеттеги саламаттык сактооого кеткен чыгымдардан да көп. 3,4 миң жаңы иш орундары ачылды. Бул 2019-жылга карата маалымат. Ал эми 2020-жылы бул сандар Зулайха жана анын тайпасынын ийгилигинен улам сөзсүз өсөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: