Башкы прокуратурасы энергетика тармагындагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу БПнын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, “Э.С” ААКсы “Күрпсай ГЭСин” реконструкциялоо үчүн тендер жарыяланган. Тендерди “Н” компаниясы 17 млн 199 миң сом талап кылып утуп алганы аныкталды.
“Бирок, 14 млн 828 миң сом талап кылган “И” ЖчКсы Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментине арызданган. Комиссиянын каршылыгына карабай. “Э.Снын” жетекчилиги 16 млн 604 миң сомго келишим түзгөн”, – деп басма сөз кызматы белгиледи.
Бюджетке алып келинген чыгымдын көлөмү 1,7 млн сомдон ашкан. Көзөмөл орган Кылмыш жана жаза кодексинин 189 (Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу) жана 221-беренелерине (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышы) ылайык кылмыш иш козгогон.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: