30 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде Кыргыз Республикасы эффективдүу көз карандысыз каржы системасын кура албай, өлкөдөгү жакырчылык деңгээлин төмөндөтүп, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун туруктуу системасын куруп, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү программаларын актуалдаштырып, инфраструктурага заманбап жана жаңы нерселерди киргизип, мамлекеттин туруктуу өнүгүү максаттарына жете алган жок.

Бийлик бийик трибунадан өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу сүйлөгөндү жактырганы менен, аларга өз каражаттарын издөөгө ашынбай, Кыргызстан тышкы жардамды жигердүү тартууну жактырат.

Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) маалыматына ылайык, 2009-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасы өнөктөрүнөн грант түрүндө кеминдей $1,5 млрд жардам алган. КР Каржы министрлигинин баяндамасында 2010-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан өкмөтү эл аралык каржы институттарынан $3,5 млрд жардам алып, анын $3,0 млрд (86%) – насыя каражаттары, $0,5 млрд (14%) – гранттар. Ачык маалымат булактарында жалпы жолунан 1992-жылдан тартып 2018-жылга чейин Кыргызстан чет өлкөлөрүнөн $10,2 млрд алып, анын $7,3 млрд ашууну – насыя, $3,0 млрд – гранттар.

Каржы министрлиги берген маалыматты алсак, алынган каражаттар негизинен билим берүү, саламаттык сактоо, унаа, айыл чарба жана энергетика чөйрөсүнө жумшалганы айтылат. Бирок, биз күткөндөй эле, гранттарды тартуу долбоору тышкы карызыбыздын көбөйүшүнө терс таасирин тийгизди. Учурда ал көрсөткүч $4,9 млрд жетти (407 млрд сомдон ашуун).

Кыргызстанды ким каржылайт?

Учурда Кыргызстанга каржылык жардамын донорлордун эки тобу берүүдө:

  • Көп тараптуу эл аралык уюмдар: Азия өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Евросоюз, Эл аралык валюта фонду ж.б.
  • Өнөктөш өлкөлөрдүн өкмөттөрү: Кытай, Россия, Япония, Швейцария, Германия, АКШ, Улуу Британия, Түркия, Дания, Нидерланды ж.б.

Каржы министрлигин маалыматына ылайык, республиканын ири донорлору болуп АӨБ, БДБ, ЭВФ, ЕБРР болуп эсептелинет. Өлкөлөрдөн – Кытай, Япония, Германия, Түркия, Россия.

Бирок учурда мамлекетибиз алынган каражаттын жарымын да төлөп берүүгө кудурети жетпейт. Буга байланыштуу КР бийлиги карыз төлөө мөөнөтүн узартуу, өзгөчө 5 жылга чейин алынган “оор” карыздардын түзүмүн өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ага карабай, Кыргыз Республикасынын өкмөтү мамлекеттик башкаруунун маанилүү маселелерин чечүүгө жардам бере турган гранттарды алуусун токтоткон жок.

Бекер сарпталган миллиондор

Тартылган каражаттардын эффективдүүлүгүнүн төмөндөгү грант боюнча тастыкталган бирдиктүү базанын жоктугу, бул жарандык коом, мамлекеттик органдар жана донордук коомчулук тарабынан каржылык жардамга мониторинг жүргүзүүнү татаалдантат.

Ушундан улам Улуттук статистика комитети жана республиканын Каржы министрлиги берген агрегатталган, толук эмес маалыматтан пайдаланууга туура келет, ал маалымат маселенин чыныгы жүзүн ача албайт, жана анализдөөгө жатпайт. Ал эми статистикага мониторинг жүргүзүүнү каалаган тараптар чыныгы маалымат табууда кыйынчылыктарга дуушар болот.

Адатта, грант каражаттарынын сарпталышына профилдүү мамлекеттик мекемелер көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле Эсеп палатасы 2021-жылдын февраль айына донордук долбоорлордун эффективдүүлүгүнүн жыйынтыктарына байланыштуу донордук жардам боюнча бир да аудиттик баяндамасын жарыялаган жок.

Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Мониторинг системасынын жоктугу жана тышкы жардамга баа берүүнүн жоктугу, ошондой эле коомчулукка ал тууралуу маалыматтын берилбешинен улам гранттар боюнча маалыматты өз каалаганындай пайдаланып, ошол сарпталган каражаттар тууралуу маалымат алууга жемкор аткаминерлердин “активдүү” бут тосушуна алып келиши мүмкүн.

Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп

Коронавирус маселесине кайрылсак: өлкөдө COVID-19 башталганда, КР бийлиги сырттагы өнөктөрдөн $1 млрдга жакын каржылык жардам сурады. Ошондо республиканын негизги насыя берүүчү мамлекеттер каржылоого даяр болду – Эл аралык валюта фондусу, Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, Евросоюз, Германия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы, ошондой эле бирдиктүү өнөктөр – Евросоюз, Япония жана Россия. Натыйжада, 2021-жылдын 25-январына карата эл аралык каржы институттарынан Кыргызстан кеминде $ 366,8 млн жардам алды.

Былтыр жайында Жогорку Кеңештин депу3таттары алынган насыя жана гранттык каражаттарын эффектисиз пайдалануу маселесин көтөрүп чыгып, айрым эл өкүлдөрү ал каражаттар экономиканын өнүгүүсүнө жумшалбастан күнүмдүк керектөөлөргө сарпталганын айтып чыгышты. Тактап айтканда, саламаттык сактоо системасына багытталган каражаттар башка жакка кеткенин депутат Наталья Никитенко айтып чыккан.

«Коомдук чыңалууга жол бербеш үчүн насыя жана гранттардын негизги бөлүгү пенсия менен жөлөк пул төлөөгө багытталат. Коронавирус менен күрөшүү үчүн саламаттык сактоо системасы тийешелүү деңгээлде каржыланган жок. Өпкөнү жасалма жол менен иштетүү аппараттары, тез жардам унаалары, сапаттуу тест-системаларын сатып алууга каражат бөлүнгөн жок. Өкмөт тез аранын ичинде эл аралык уюмдардан алынган каржы каражаттарын бөлүштүрүү тартибин кайра карап чыгууну тапшырышыбыз керек», – деди Никитенко Мухаммедкалый Абылгазиев менен өкмөт курамы 2020-жылдын июнунда оставкага кеткенден кийин айткан

2020-жылдын октябрь айында, Кыргызстандагы бийлик Садыр Жапаровдун пайдасына алмашканда, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (учурда жоюлган) өлкөдөгү COVID-19дун биринчи жана экинчи толкуну учурунда келип түшкөн гранттык жардамды көзөмөлгө алды. Бирок өкмөттүн бул тутуму жоюлганына байланыштуу, чуулгалуу иштер боюнча бир да сот өкүмү чыгарылган эмес.

Пандемия менен күрөшүү үчүн алынган каражаттардын тагдыры бей-бийлик, а демек объективдүү эмес мекеме аралык комиссиясын гана тынчсыздандырды, анын мүчөлөрү 2021-жылдын январь айында COVID-19 таркашына каршы мамлекет көргөн чараларга жасалган анализдин жыйынтыгын угузду.

Тилекке каршы, комиссия каржы каражаттарын бөлүштүрүү маселесине тийешелүү деңгээлде көңүл бөлбөстөн, көчөлөрдү дезинфекциялоо, жарандардын саламаттыгына терс таасир тийгизген дезинфекциялык тоннелдер сыяктуу майда маселелерге басым жасашкан. Берилген жардамды туура эмес бөлүштүрүү маселесине калкты сезимталдыгы төмөн болгон экспрес-тесстерди да киргизишти, ал тестер берген жыйынтыктар көбүнесе туура эмес чыкканы айтылды.

Тышкы булактардан алган каржылоо тууралуу жалпы жолунан сөз кылсак (донорлордон алынган насыялар жана гранттар), Каржы министрлиги берген маалыматка ылайык, донордук акча белгиленген пландан 84 пайызга, белгиленген деңгээлден 18,9 млрд сомго сарпталды. Каражаттын көбүн республика унаа (4,2 млрд сом), энергетика (3,6 млрд сом), суу менен камсыздоо (2,3 млрд сом) жана инфраструктурага (1,8 млрд сом) сарптады деп Каржы министрлигинин маалыматын Economist.kg сайты келтирет.

КРга бөлүнгөн каражаттар канчалык тунук жана багыттуу пайдалангандыгын аныктоо үчүн ыйгарымдуу органдар бир нече ай иликтейт. Бирок бир гана нерсе анык болууда, мониторинг системасы жана тышкы жардамга баа берүүнүн жоктугунан улам Кыргызстан эффективдүү мамлекеттик башкаруу системасын куруп, 2020-жылы 8,6 пайызга төмөндөп кеткен ички дүң азыктарын калыбына келтирүүдө жакшы жыйынтыкка келиши абдан кыйынга турат. Өнүгүү боюнча өнөктөрүбүз берген каражаттарды тунук эмес пайдалануу алардын биздин мамлекетке болгон ишенимин кетирип, берилген жардамдык өлчөмүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн. Анда Кыргызстан экономикасы жана коомдук тармактарын өнүктүрүүдө мындан да көп кыйынчылыктарга жолугушу ыктымал. Регрессивдүү прогрессти токтотуп, тышкы каржылоону көзөмөлгө алууга убакыт жеттиби?!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.