24-25-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин астында аткаруучу бийликтин 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча отчетун берди. Азырыкы министрликтер калкка ишенимин жоготкону менен (2017-жыл менен салыштырганда -0.6%) премьер-министр оптимизмин жоготкон жок.

«Биз пиар эмес жумушубузду кылып бошогон жокбуз. Калктын маселелерин тез арада чечиүүгө аракет кылдык», – деп премьер белгиледи.

Калктын маселесин чечүү керек, бирок макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү четке кагуу болбойт. Отчетко ылайык капалануу себеп көп. Мисалы, сырттан келген инвестициялар. Өткөн жылы алардын көлөмү 7,6%га же $570 млнга чейин төмөндөгөн.

Кандай чечимдер бар?

Премьер өзүнүн сөзүндө “Кумтөрдү” жалдырабай, ишкананын ордуна бюджетти толтургандай өндүрүүгө көңүл буруу зарыл деп токтогон.

«Биз “Кумтөрдөн” көз карандыбыз. 20 жылдан бери ишкана социалдык маселелерди чечүүдө тарыхый ролун ээледи, бирок “КГК” ишин токтоткондо эмне кылабыз деп өкмөт чечимди издеп жатат. Башка тармактарды өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарды негиздеп, алтын өндүрүүчү ишкананын ордуна башка ишканаларды табып, кичи жана орто бизнестин өнүгүүсүн колдоо керек», – деди премьер .

Абылгазиев бул ойго биринчи келген эмес. Окшош демилге менен 2009-жылы мурунку премьер-министр Игорь Чудинов чыккан. Ал кездеги премьер тез түрдө “экономиканын диверсификациясы” керек деп кыйкырган, бирок премьерлер алмашкан сайын бул демилге унутулуп калды.

“Кумтөрдүн” ордуна башка альтернатива керектигин эл аралык институттар да айтып келет. Эл аралык валюталык фондунун эксперттери 2019-жылдын март айында дагы бир жолу эскертишти. 2026-жылы ишканада өндүрүү токтогондон кийин кыргыз экономикасы оор абалга түшүп калат.

Миссиянын башчысы Кристиан Жосдун айтымында, Кыргызстан өзүнүн туруктуу инвестициялык климаты менен мактана албайт, соттордун туура эмес чечимдери ишкерлерге тосколдук түзөт. Эгерде ал маселелер чечилбесе экономиканын өсүшүн күтүүгө болбойт.

«Орто мөөнөттөгү коопту абал Кумтөр кени токтогондо, экспортту толуктоо маселеси деп ойлойбуз. Биз мамлекеттик органдарга бул маселеге көңүл буруп, азыртан эле реформаларды жүргүзүп, жергиликтүү же чет өлкөлүк инвесторлордун экономикалык ишмердиги өнүгүү үчүн инвестициялык климатты жакшырту керек деп кеңеш бергенбиз», – деди Жос.

Чындык абал

Азыр кыргыз өкмөтү болгон жетишкендиктерге ыраазы. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКун бюджетке кошкон салымын анализдейли.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2108-жылы салык төлөмдөрдүн көлөмү 79,5 млрд сомду түзгөн, 2017-жыл менен салыштырмалуу бул көрсөткүч 6,1 млрд сомго жогорулаган. Бул жерде Кумтөрдүн салымы канча болду? Расмий маалыматта алтын кен биринчи орунда турат.

2018-жылы «КГК» ЖАКу бюджетке 7 млрд 424 млн сом которгон.

Ишкананын отчету боюнча, 2018-жылы 534 миң унция алтын өндүрүлгөн. 2023-жылдан баштап бул көрсөткүч төмөндөй баштайт.

Экономика министрлигинде чечим барбы?

Министрликтин макроэкономика бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, 2026-жылдан кийин “Кумтөр” менен кол коюлган келишимдин мөөнөтүн узартууга мүмкүн бар. Азыркы тапта ишкана геочалгындоо иштерин кайрадан өткөрүп жатат, астыбыздагы жылда чалгындоого $11,5 млн сарпталат. 

«Келечектеги кендин ишин өкмөт чечет. Бирок жакынкы убакытта башка кендер иштей баштайт. Мисалы, 2020-жылы Жерүй. Талды-Булак, Чаарат бар, «Макмал» комбинатына тендер өткөрүлөт. Андан сырткары, Кара-Балтадагы “Жунда”, Токмоктогу кен бар. Биз “Кумтөрдөн” түшпөй калган каражатты ушул ишканалар менен толуктайбыз деп үмүттөнөбүз. 2023-жылга чейин өнүгүү программасында $12 млрд каражатка барабар улуттук долбоорлор каралган», – деп адистер келечектеги пландарды ачыкка чыгарышты.

Шамшиев белгилегендей, салык төлөмдөр жыл сайын 7-8% жогорулайт. Бул көрсөткүч сакталса, анда 2026-жылга чейин Кумтөрдөн түшпөй калган каражатты экономиканын өсүшү аркылуу толуктаганга мүмкүн болот. Бюджеттин жыртыгы толугу менен же бир көлөмү толукталабы өкмөттүн ишмердигинен кийин билинет. Эксперттин айтымында, кайра иштетүүчү жайга көңүл буруу зарыл, анткени айыл чарба продукциясынын 20%ы гана кайра иштетилет.

Адистер металл өндүрүү жайын өнүктүрүү демилгесин колдошот. Бирок, Кыргызстанда геочалгындоо иштери толук каржыланбайт. Анын артынан, өлкөдө минералдык заттардын базасы жоголуп кетүүгө коркунуч бар.

«Кыргызстанда сымап, сурьма жана алтындан башка кендер бар. Маселен, кварц кумду уюлдук телефондордун экрандарын, платаларын, микросхемаларын жазасак болот. Көмүрдү кайра иштетип коксохимикалык өндүрүүнү өнүктүрсөк болот», – деди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мурдагы жетекчиси Улан Рыскулов.

Эксперттин айтымында, Кыргызстанда пайдалуу кендер көп. Маселен, барит – ал бургулоодо, оптикалык приборлодо колдонулат. Химиялык заттарга туруктуу болгон үчүн өндүрүүдө жана медициналык рентгендерде бар. 2013-жылы кытайлык инвесторлор Нарын облусундагы Кочкор районунда барит кенин иштетүү ишкана курган. Ишканада бир күндө 200 тонна руда иштетилет. Кыргызстан гипс менен гипсокартонду чагыруу боюнча Борбрдук Азияда маанилүү орунду ээлегенге мүмкүнү бар.

2019-жылдын январында Коопсуздук кеңештин отурумунда премьер-министр Мамлекеттик тоо кен компаниясын негиздөө маселеси талкууда деп айткан. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин маалыматы боюнча, кенди иштетүү үчүн берилген лицензиялардын 70%ы (жалпысы менен 2500 уруксат берилген) Кытай жарандарында жана ишкерлеринде. Ошондуктан, кирешенин чоң көлөмү коншу мамлекетке кетип калат, Минфиндин маалыматына ылайык, алардан бищдин бюджетке 0,3-0,8%ы гана түшөт. Бирок ал кендерде кандай иштер жүргүзүлүп жатканын эч ким билбейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.