Коррупция менен күрөштөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине 33,6 млн сом которулду.

Которулган каражаттын 20,3 млн сомду Башкы прокуратура которду, калган 13,3 млн сом УКМКнын тарабынан түштү. Бирдиктүү депозиттик эсептин жалпы каражаты 170 млн сомдон ашты. Биринчи 95,9 млн сомду УКМК толтурган. Башкы көзөмөл органы 39 млн сомго толуктаган.

Өндүрүлгөн каражатты эки органдан сырткары Финполиция жана ИИМ Каржы министрликтин бирдиктүү депозиттик эсебине которот. Каражаттарды министрлик көзөмөлдөп, өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрөт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.