Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп 2018-жылдын 3-июлда ачылган. Азырынча эсеп УКМК менен Башкы прокуратуранын тарабынан 134 млн сомго толукталды. Бул тууралуу эки ведомствонун басма сөз кызматтары билдирди.

Эсепти биринчи 95,9 млн сомду УКМК толтурду. Башкы көзөмөл органы 39 млн сомго толуктады.

Өндүрүлгөн каражатты эки органдан сырткары Финполиция жана ИИМ Каржы министрликтин бириккен депозиттик эсебине которот. Каражаттарды министрлик көзөмөлдөп, өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.