2019-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөрдө, 2018-жылдын ошол эле мезгилиндеги 100 миң 220 унцияга салыштырмалуу 150 миң 308 унция алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу компаниянын отчетунда айтылган.

Алтынды сатып өткөрүү көлөмү 2019-жылдын биринчи чейрегинде 150 миң 267 унция же 4 миң 673,83 кг түздү. 

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат 195 АКШ долларды түзүп, 2018-жылдын январь-марты менен салыштырмалуу 27%га жогорулаган ($153,0 млн). 

2018-жылдын ошол эле мезгилиндеги сатылган унциялар менен салыштырмалуу $12 төмөндөгөн (1%) – $1 миң 309дан $1 миң 297ге чейин.

Тоо-кен иштеринин көлөмү өткөн жылдын I чейрегинин көрсөткүчтөрүнөн ашып 49 миң 194 тоннаны түздү (4% жогорулады).  Аны менен кошо казылып алынган руданын көлөмү 34% жогорулады –  1 405 тоннадан 1 877 тоннага чейин.

Рудадагы алтындын орточо курамы бир тоннага 2,14 граммды туздү. 

«Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миң унция түзүүгө тийиш, мында алтын өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде өндүрүлмөкчү. 

Троялык унция = 31,10348 грамм
“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.