Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат. Быйылкы жылы алтын кенден 450 миллион сом келип түшөөрү пландалууда.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев билдиргендей, түшкөн акча каражаты райондор, шаарларга атайын жана эскроу эсептик негизде бөлүнөт. Ошол эле учурда бул жылы социалдык, маданий, спорттук объектилердин курулушу, айыл-чарба багытындагы техникаларын сатып алуу жана айыл-аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалары болжолдонууда.
«Негизи Кумтөр аркылуу фондко түшкөн акчаларды – максаттуу пайдалануу зарыл. Айрыкча курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүнүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлууда. Эми быйылкы жылы социалдык мекемелердин курулуш иштеринен сырткары киреше алып келүүчү ишканаларга жумшоо планы бар», -деди Алдаярбек Тойгоналиев.
Ошондой эле Кумтөрдөн бөлүнгөн акчаларды бул жылдан тарта керектөөнү тереӊ ойлонуу зарыл экенин КР вице-премьер министри Жеӊиш Разаков билдирди. Анткени, алтын кен 2026-жылы келишим боюнча өз ишин токтотсо, сарптаган акчалардын кайтарымы болуш керек.
«Ысык-Көл облусунун социалдык, экономикалык турмушун жакшыртууга «Кумтөр» ЖАКунун чоӊ жардамы тийип жатат. Бирок, бардыгыбыз бир нерсени билишибиз керек. Андыктан 8 жылдын ичинде түшүп жаткан салыкты, Ѳнүктүрүү фондко түшүп жаткан каражатты натыйжалуу пайдалануу зар. Эми курулуш иштери менен чектелбей, экономиканы өнүктүрүү багытына көӊүл буруу керек. Ѳкмөт бул демилгелерди колдойт. Ишканаларды ачуу, жаӊы жумушчу орунду түзүү учурдун талабы»,- деди Разаков.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: