2018-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 9,5 миң фермерге 4 миллиард 63 миллион сомго жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
КР Өкмөтүнүн «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорунун ишке ашыруунун алкагында КР Финансы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 миллиард 816 миллион сом болгон пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
КР 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинде «Айыл чарбасын каржылоо – 4» долбоорунун үчүнчү фазасын, «Айыл чарбасын каржылоо – 5» долбоорунун экинчи фазасын жана «Айыл чарбасын каржылоо – 6» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн 1 миллиард сомдон ашуун каралган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: