2018-жылдын 30-апрелине карата КРнын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 435 миллион долларын (305 млрд 91,22 млн сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма соз кызматы билдирет.

Жалпы карыздын ичинде:

  • мамлекеттик тышкы карыз – 3 миллиард 870 миллион доллары (266 миллиард 224 миллион сом);
  • мамлекеттик ички карыз – 565 миллион доллары (38 миллиард 867 миллион сом).

Тышкы карыздын 44% Кытайдан алынган кредиттер. Жалпы суммасы 1,7 миллиард доллардан ашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.