«Центерра Голд Инк.» («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани»компаниясы билдиришкендей, алар дагы бир жылды ийгиликтүү натыйжалар менен аякташты жана 534 миңден ашуун унция алтын өндүрүштү.

«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүү көлөмү төмөнкүнү түздү:

– 2018-жылда 534 миң унция1, же 16609,27 кг алтын;

– 2018-жылдын төртүнчү чейрегинде 228 096 унция, же 7098,58 кг алтын.

«Кумтөр» төртүнчү чейректи жана кезектеги жылды 534 миңден ашуун унция алтын өндүрүү жана аны менен металл өндүрүү боюнча жылдык көрсөткүчтөн 510 миң унция ашыра, ийгиликтүү аяктады. Алтын өндүрүү көлөмдөрү 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде продукция өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% өндүрүлөрүн эске алуу менен, баштапкы үч чейректерде бирдей бөлүштүрүлөт», – деп «Центерранын» Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри белгиледи. 

2019-жылга прогноз

«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миңдей унция түзүүгө тийиш, мында алтын өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде өндүрүлмөкчү.

 2019-жылдагы геологиялык чалгындоого жумшоолор

2019-жылы геологиялык чалгындоо иштерине жумшоолор 11 млн долларды2түзмөкчү.

2019-жылдагы капиталдык жумшоолор

Кыртыш ачуу иштерин кошпогондо, Кумтөрдөгү жалпы капиталдык жумшоолор 2019-жылы 59 млн долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды колдоого жумшоолор3 45 млн долларды түзүп, негизинен оор тоо-кен техникасын капиталдык оңдоо жана алмаштырууга (39 млн доллар) багытталат.

Өнүктүрүүгө инвестициялар3 2019-жылы туюккап дамбасынын курулушуна (6 млн доллар), карьерден суу сордуруу иш-чараларына (2 млн доллар), ошондой эле, башка программаларды ишке ашырууга (6 млн доллар), капиталдык жумшоолорду кошуп, 15 млн долларды түзүүгө тийиш.

2019-жылга пландалган кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы жумшоолордун (108 млн доллар) ичинен карьердин ишине байланышкан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун акчалай көлөмү 88 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

 Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуу

«Центерра» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Стратегиялык макулдашуу 2019-ж. биринчи чейрегинде, макулдашуу менен каралган калган төлөмдөрдү ишке ашыргандан кийин биротоло кол коюлат деп үмүттөнөт.

 2019-жылдагы салыктар

Кайра каралган инвестициялык макулдашууга ылайык, «Кумтөр» кен ишканасына операцияларга корпоративдик киреше салыгы салынбайт. Анын ордуна Кайра каралган инвестициялык макулдашуу менен дүң кирешеден 13% которуу (плюс 1% Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун пайдасына) каралган.

***
1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген
3–  «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2019-жылдын 15-январындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.