Жакында КР экс-вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов “Кумтөр” ишканасына каршы чыгып, 1997-2011-жылдары инвестор бир да тыйын төлөгөн эмес деген.

«Ушунча бай кенде алтын өндүргөн канадалык ишкана 14 жылдын ичинде бюджетке бир да тыйын төлөгөн эмес. 2009-жылдын 24-апрелинде Кыргызстан сатылган алтындын 13% алуучу келишимге Бакиев кол койгондон кийин гана, “Кумтөр” биринчи жолу $38 млн төлөгөн», – деди Мамбетов.

Мурунку чиновниктин сөздөрүн Улуттук статистикалык комитеттин расмий отчеттору жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКун жылдык отчеттору менен таанышсак болот – ишкана өлкөнүн ИПДүн 8,6%ын, жалпы өндүрүштүн 18,14%ын чапчыйт (2018-жылдын жыйынтыгы). Ачык маалыматка жараша, өткөн жылы “Кумтөрдө” 16,626 тонна алтын өндүрүлгөн. КР ичиндеги төлөмдөр $301,9 млн ашкан. 1994-2018-жылдары ишкана $3,774 млрд төлөгөн.

Кумтөрдөн Кыргызстандын бюджетине түшкөн каражаттарынын көбү салык, бажы жана башка төлөмдөр – $1,193 млрд жакын, 2018-жылы – $109 млн. Кызматтар менен товарларды сатып алуу үчүн ишкана $900 млн сарптаган. $209 млн ашык Соцфондко которулган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКун маанилүү төлөмдөрүнүн бири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу. Кендин тегерегиндеги жолдорду оңдоп тейлөөсүнө 1994-2018-жылдары ишкана $46,1 млн жумшаган. «Тамга-Кумтөр» электростанциясынын куруусуна $41,6 млн сарпталган.

Андан сырткары, ишкана Ысык-Көл облусунун социалдык маселелерин чечүү үчүн чоң салымын салат. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун бюджети ишкананын түшкөн дүң кирешесинин 1%ан түзүлөт. Өткөн жылы фондко $7,3 млн которулган, 24-жылдын ичинде жалпысы менен $ 70 млн которулган.

Экологиялык төлөмдөр озүнчө пункт менен белгиленген – жыл сайын ишкана $0,3 млн которот. Эскертсек, 2017-жылы кол коюлган Стратегиялык келишим күчүнө кирсе бул төлөмдөр $3 млн чейин жогорулайт.

Чет өлкөлүк кендер

Кумтөрдүн маселеси талкууга алынганда КМУнун курамындагы өлкөлөрдүн кендери мисалга келтирилет. Элет.media коңшу мамлекеттердеги кендер менен салыштыруу жүргүздү.

Россиядагы Красноярскта, Иркутск, Магадан, Амур облустарындагы жана Саха (Якутия) республикасында кендерди иштеткен “Полюс” ААКу 2017-жылы бюджетке $425,6 млн которгон. Бул ишкананын көлөмүн, иштетилген кендерин “Кумтөр” менен салыштырсак утулуп калат.

“Полюс” иштеген жеринен жергиликтүү ишканалардан сатып алуунун көлөмү 34%ан ашпайт. “КГК” болсо акыркы 9 жылдан бери азык түлүктү толугу менен жергиликтүү ишкерлерден гана сатып алат. Жалданган ишканалардын 88%ы жергиликтүү, көбүнчөсү Ысык-Көл облусунда.

Экологиялык төлөмдөрү да аз: 2017-жылы “Полюс” $0,8 млн гана төлөгөн. Андан сырткары, компания айлана чөйрөнү сактоо нормаларын бузгандыгы үчүн дайыма айып төлөйт. Мисалы, отчеттук мезгилде “Полюс” агызган суунун нормаларын сактабаг үчүн $22,4 миң төлөгөн.

Бозымчак

Казакстан: коңшу мамлекеттин кен тармагында ири ишкана жок. Бирок Казакстанда 290 ашык алтын кен иштетилет, алардын көбү комплекстүү ишканалардан өндүрүлөт.

Мисалы KAZ Minerals ишканасы жезди өндүрүп анын мене бир катарга алтынды алып чыгат. 2018-жылы ишкана 183 миң унция же 5,18 тонна алтын өндүргөн. Бирок анын көбү Кыргызстандагы Бозымчактан өндүрүлгөн.

2018-жылы KAZ Minerals жездин эсебинен Казакстандын бюджетин $368 млн толтурган. Ишкана өзүнүн жабдууларын Кытайдан сатып алат, анткени кен ал мамлекеттен ири суммага каржыланат. Эскертсек, KAZ Minerals Кытайдан $2,7 млрд көп мөөнөттүк насыяларды алган.

Башка ири ишканалардын бир катарына туруп, KAZ Minerals Казакстан менен Кыргызстанда өзүнүн өндүрүү жайларынын жанында жашаган калкка жардам берип, ар кандай инвестициялык жана республикалык долбоорлорду каржылайт. 2017-жылы ишкананын социалдык инвестициялары $10 млн түзгөн.

Алтынтау Кокшетау Казцинк

Ошондой эле ТОО «Казцинк» полиметаллдарды өндүргөнү менен бир катарда алтынды алып чыгат. 18 ишканага ээ болгон “Казцинк” 2017-жылы 16,5 тонна алтынды  (585 миң 416 унция),  2018-жылы – 18,2 тонна (643 миң унция) өндүргөн.

2018-жылы ишкана мамлекеттик бюджетти 72,2 млрд теңгеге ($190,4 млн) толтурган, бул көрсөткүчтөр 2017-жыл менен салыштырмалуу 18,3% төмөн.

«Казцинк» Казакстандык 75 миң адам иштеген Казакстандык 900 ишкана менен дайыма кызматташат. Ички рыноктон сатып алган жабдуулар 75% чейин жеткен, бирок бул көрсөткүчтөр “Кумтөргө” жетпейт.

«Казцинк» социалдык милдеттүү бизнестин практикасын ишке ашырат. Ишкана иштеген региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошот. Саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, маданият жана инфраструктуралык тармактардагы долбоорлорду каржылайт. «Казцинктин» кызматкерлери жайгашкан шаарларга жыл сайын 11 миллард теңге ($29 млн) бөлүнөт.

НГМК

Өзбекстан алтындын көлөмү жана аны өндүрүү боюнча биринчи мамлекеттердин катарында турат. Бирок өлкөдөгү табылган 41 кендин 10 жакын кен иштетилет. Өндүрүлгөн алтындын басымдуу бөлүгү Зеравшан дарыясында жана Каракумдан чыгат. Кендин лидерлери Навои жана Алмалык тоо кен комбинаттары болуп саналат.

Алтынды өндүрүүдөн жалпы көлөмүнүн 20% Алмалык комбинатында. 13 кенди иштеткен Навои ишканасыны 70-75% чапчыйт.

НТКК өзбек мамлекетинин ири салык төлөөчү ишкана – мамлекет боюнча жалпы салык төлөмдөрдүн 6,8%ын ишкана жалгыз толтурат. АТТК болсо бюджетти түзүүчү ишканалардын катарына кирип, жалпы төлөмдөрдүн 3,6% ээлейт.

АГМК

Эки ишкана өздөрүнүн бюджетинде айлана чөйрөнү сактоо иш чараларына жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга каражат карайт. НТККы жаратылышты сактоо чараларына өзүнүн чыгымдарынын 6-7%ын жумшайт. Бирок ишкана өзүнүн отчетунда жыйынтык суммасын көрсөткөн эмес. Социалдык тармагына жыл сайын $80 млн сарпталат, анын ичинен кен тармагынын объектилерин кармоо үчүн $60 млн жакын каражат кетет. АТКК отчетунда сарпталган каржаттарын көрсөтпөйт.

Экологичлык төлөмдөрдү карасак, АТКК 2014-2017-жылдары $11,3 млн которгон. 2014-жылы ишкана жаратылышты коргоо боюнча чараларына 18 млрд 555 млн сум ($2,2 млн) которгон, 2015-жылы – 21 млрд 613 млн сум ($2,5 млн), 2016-жылы – 26 млрд 500 млн сум ($3,16 млн).  2017 -жылы бул сумма 28 млрд 900 млн сум ($3,44 млн) чапчыган. НТКК өзүнүн чыгымдарын так көрсөткөн эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.