Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда айына 2 миң тонна гипс порошогун чыгаруучу завод убактылуу токтоп турат. Анткени, Индиядан келген инвесторлор гипс порошогунун өӊү талпка дал келбегенин айтып, башка ыкмаларды колдонуу боюнча ой жүгүртүунүн үстүндө. Бул боюнча район акими Уланбек Дөкөнбаев билдирди.

Анын айтымында гипс чыгаруучу зовод 2016-жылы 2 миллион 400 миң доллардын тегерегиндеги инвестициянын каржылоосу менен ишке киргизилген. Бирок, аз гана убакыттан соӊ токтоп калган.

«Индиялык инвесторлор гипс чыгаруучу ишкананы убактылуу токтотконунун бир нече себеби бар. Биринчиден карьерден казылып алынган порошокту бышырууга от казандар маселе жаратса, экинчи себеби медицина тармагына колдонууга анын өӊү да туура келбей калды. Ошондуктан убактылуу токтотуп, өз өлкөлөрүнө кетип калышты. Азыркы тапта кайрадан сүйлөшүү жүргүзүлуп жатат», – деди Дөкөнбаев.

Ал эми гипс топурагы ушул райондун Шахты-Жаргалаӊ айылындагы карьерден алынып, 60 чакырым алыстыктан заводко жеткирилмек. Эгер кайрадан ишке кирсе, кеминде 50 адам жумуш орун менен камсыздалып, эки айылдын балансына салык түшмөк.

«Гипс зоводу мындан 3 жыл мурда ачылганда биздин кыштактан 10 адам жумуш менен камсыздалган. Бирок, гипстин өӊү медицина тармагына дал келбей 1 килосу 2,50 тыйынга бааланып калды. Ошондуктан өзүн өзү актабай индустар башка маселенин үстүндө иштеп жатса керек. Эгер кайрадан калыпка келсе, элдин социалдык турмушу жакшырмак», – деди айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.