Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунан орун алган ак таш кени 60-70 жылга жете турган запасы бар. Кенди иштетүү аракети 4 жылдан бери колго алынып, Кыргызстандагы тамак аш өнөр жайы менен курулуш материалга керектелүүдө. Таш майдалоочу ишканасынын жетекчиси Нурлан Амантуровдун айтымында ак таш кенинде 30га жакын жумушчу топ эмгектенет.

Азыркы тапта майдаланган сырьерелор жеӊил өнөр жайларга жөнөтүлөт. Тамак-аш тармагы үчүн үй канаттууларга акшак, кум шекерди тазалоо үчүн «Кайыӊды» жана «Кошой» кант заводдору алышат. Андан сырктары ак таштын курмындагы айрым бөлүгү курулуш материалдарга жумшалууда.

«Кыргызстанга 65 жылдан ашуун убакыттан бери акиташты Казакстандан алып келишчү. Акыркы 4 жылдан бери өз өлкөбүздө өндүрүлүп жатат. Анткени ак таш кенинен курулуш материалдар үчүн көптөгөн баалуулуктар алынууда. Анын ичинде цементке, айнектин кошулмасы бар. Эми биз майшыбак (шпатлевка)өндүрүүнү пландап жатабыз. Анда сырьенун 70%ы өзүбүздүкү болуп саналат. Эгерде өндүрүш болсо биздин продукция 1,5 эсе арзан болот. Негизгиси ак таштын запасы 60-70 жылга жетет»,-деди Амантуров.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.